Чын курандын 18, 2025
Убакыт: 07:49
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Токиого келди

17.11.2023 09:23
365
Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Токиого келди


Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Токиого келди.

Мамлекет башчынын борту "Ханеда" эл аралык аэропортуна конду.

Аэропорттун флагштокторунда Кыргызстандын жана Япониянын желектери илинип, Ардактуу кароол тизилди.

Президент Садыр Жапаровду Япониянын тышкы иштер мамлекеттик министри Кийото Тсуджи жана башка расмий адамдар тосуп алды.

Эскерте кетсек, сапардын алкагында Мамлекет башчысы Улуу Даражалуу Император Нарухито, Япониянын Премьер-министри Фумио Кисида, Парламенттин спикери Фукусиро Нукага, парламенттин депутаттары, ошондой эле ROTOBO – Япониянын бизнес ассоциациясы, JATA – Япониянын туроператорлор ассоциациясы, JBIC – Япониянын Эксимбанкы, JETRO – Япониянын тышкы сооданы өнүктүрүү ассоциациясы, JICA – Япония эл аралык кызматташтык агенттиги сыяктуу жана башка түзүмдөрдүн жетекчиликтери менен жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн