Бугу 04, 2024
Убакыт: 15:06
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Президент Садыр Жапаров жаштар жөнүндөгү мыйзамга кол койду

08.08.2023 09:02
381
Президент Садыр Жапаров жаштар жөнүндөгү мыйзамга кол койду


Президент Садыр Жапаров «Жаштар жөнүндө» КР Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 21-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Ушул мыйзамдын максаты - жаштар саясатын калыптандыруунун, ошондой эле жаштарды мамлекеттик ишмердүүлүктүн бардык чөйрөлөрүнө тартуунун механизмдерин аныктоо болуп саналат.

Мыйзамда жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишинин негизги багыттары, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жаштарды жана жаштардын аялуу топторун тартуу үчүн бирдей шарттарды түзүү, жаштар саясатын калыптандыруу жана ишке ашырууда мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсү, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ишкердикти өнүктүрүүгө жана жаштарды иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү, мамлекеттик жаштар саясатын финансылык жактан камсыз кылуу маселелери каралган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн