Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, бир күндүк жумушчу сапары менен Ош облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди.
Анын маалыматына караганда, мамлекет башчысы бир катар мектептердин ачылыш аземине катышат, ошондой эле Ош шаарынын мэриясынын жана Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аткарган иштери жана пландары тууралуу маалымат менен таанышат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн