Бугу 03, 2024
Убакыт: 10:04
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Президент Сеулдагы каргашага байланыштуу Корея президентине көңүл айтты

30.10.2022 19:37
406
Президент Сеулдагы каргашага байланыштуу Корея президентине көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Корея Республикасынын Президенти Юн Сок Ёлго Сеул шаарындагы массалык тыгында адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.


«Үстүбүздөгү жылдын 29-октябрында Итхэвон районунда орун алган массалык тыгындын натыйжасында көп сандаган адамдардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм. Орду толгус жоготуунун азабын жана кайгысын тең бөлүшөм», - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн