Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Президент Сиань шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын Си Цзиньпин менен учурашуу аземине катышты

19.05.2023 06:16
411
Президент Сиань шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын Си Цзиньпин менен учурашуу аземине катышты

Президент Садыр Жапаров биринчи айым Айгүл Жапарова менен чогуу бүгүн, 18-майда, Сиань шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын мамлекеттик сапарларына арналган Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин Кытай Эл Республикасынын (КЭР) төрагасы Си Цзиньпин менен учурашуу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.


Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери менен учурашуу аземи Тан династиясынын лотос багында өтүп, жогорку даражалуу конокторду Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жубайы менен тосуп алды.


Салтанаттуу азем Тан династиясынын доорундагы стилде өттү. Мамлекет башчылары жана алардын жубайлары үчүн "лотос бийи" түрүндө кыскача театрлаштырылган оюн-зоок уюштурулду.


Учурашуу аземинен жана чогуу сүрөткө түшкөндөн кийин Си Цзиньпин куттуктоо сөзүн сүйлөдү.


Андан соң Кытайдын лидери Си Цзиньпиндин атынан расмий кабыл алуу болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн