Жалган курандын 14, 2025
Убакыт: 21:39
USD
87.30
87.80
EUR
94.50
95.50
RUB
1.000
1.035

Президент ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды

14.03.2025 17:13
20
Президент ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды


Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-мартта, Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.


2024-жылдын 6-ноябрында болуп өткөн ТМУнун мамлекет башчыларынын Бишкек саммитинин жыйынтыктарын ишке ашыруу боюнча маселелер талкууланды. Мындан тышкары, Кыргызстандын Уюмга төрагалык кылуусунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат угулду.


Мамлекет башчысы Кыргызстан ТМУнун алкагында өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө активдүү катышууну улантып, жалпы региондун туруктуулугуна жана өнүгүүсүнө салым кошоорун белгиледи.


Өз кезегинде башкы катчы Кубанычбек Өмүралиев ТМУнун боордоштук мамилелерди жана регионалдык ынтымакты чыңдоого багытталган бардык аракеттерди колдоого даярдыгын баса белгилеп, Кыргызстан менен Тажикстандын президенттеринин ортосундагы Мамлекеттик чек ара келишимине кол коюлушу менен куттуктады.


“Бул маанилүү кадам Сиздин саясий эркиңиздин, дипломатия жана диалогдун аркасында ишке ашты, ал Борбор Азияда жана анын чегинен сырткары бекем тынчтыкка, туруктуулукка жана гүлдөп-өнүгүүгө жол ачат”, - деп белгиледи башкы катчы.


Ал ошондой эле президент Садыр Жапаровго ТМУ Катчылыгынын учурдагы ишмердүүлүгү, Бишкек саммитинин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган документтерди жана чечимдерди ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле уюмдун колдоосу менен өтө турган иш-чараларга даярдыктар тууралуу маалымат берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн