Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 18:57
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Президент ТМУнун лидерлеринин жыйынына катышуу үчүн жөнөп кетти (делегация курамы)

10.11.2022 15:07
312
Президент ТМУнун лидерлеринин жыйынына катышуу үчүн жөнөп кетти (делегация курамы)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда, Түрк мамлекеттеринин уюмунун (ТМУ) катышуучу мамлекеттеринин башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынына катышуу үчүн Өзбекстандын Самарканд шаарына иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


Өлкөлөрдүн лидерлери Уюмдун алкагындагы көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашып, ТМУнун Декларациясын жана 2022-2026-жылдарга Стратегиясын кабыл алышат.


Иш-чаранын алкагында транспорт, бажы иши, санариптештирүү жаатындагы документ жана макулдашууларга кол коюу, ошондой эле ТМУ менен Эл аралык Түрк академиясындагы бир катар кызматтарга дайындоо болору пландалууда.


Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:


– тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;


– Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;


– Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Муса Жаманбаев;


– Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев;


– Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев;


– Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;


– Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков.


Белгилей кетсек, өзбек тараптын төрагалыгы астындагы Саммиттин ишине Уюмга мүчө-мамлекеттер – Кыргызстандын, Азербайжандын, Казакстандын, Түркиянын башчылары катышат. Ал эми Венгриянын премьер-министри менен Түркмөнстандын Халк Маслахаты Милли Генгешинин төрагасы байкоочу макамында катышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн