Жетинин айы 21, 2024
Убакыт: 18:39
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Президент Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата кайрылуу жасады

07.11.2024 09:24
275
Президент Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата кайрылуу жасады


Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

“Урматтуу мекендештер!

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү – тамырыбыз, тарыхыбыз кайдан келерин: биздин кандай эл болгонубузду, ата-бабаларыбыз ондогон кылымдар бою кандай жолдорду басып өткөнүн эске салган улуу күн!

Ата-бабалар көп кылымдык тарыхый сыноолорду башынан өткөрүү менен курган мамлекеттик түзүлүш бирде жанып, бирде өчүп, бирде учу-кыйырсыз чектерге чейин жетип олтуруп, тарыхта татыктуу ордун жоготпой келди.

Бүгүнкү эгемен мамлекетибиз – байыркы мезгилден бери кыргыз жерин көздүн карегиндей сактап, коргоп келген ата-бабалардын даанышмандыгынын, көсөмдүгүнүн жана баатырдыгынын натыйжасы.

Соңку 100 жыл мурунку эле тарыхыбызга кайрылсак, ата-бабаларыбыздын эгемен, эркин, өз алдынча мамлекет куруу көксөөсү тең жарымы кыргынга учураган Улуттук боштондук күрөшүндө дагы майтарылбаганын көрөбүз.

Алар 1916-жылкы Үркүн окуясында, андан кийинки Октябрь революциясында, андан соң Кара-Кыргыз облусунун түзүлүп, жүрүп отуруп Кыргыз ССРинин уюшулушунда, ошол жылдардагы Сталиндик репрессияда элинин азаттыгы, өлкөсүнүн эгемендиги үчүн күрөшүп, өмүрүн арнап, кара башын садага чаап олтуруп, азыркы Эгемен Кыргызстанды бизге таберик кылып калтырышкан. Мындан улам, аталардын жолун улай, алардан калган таберикти келечек муундарга татыктуу өткөрүп берүү – биздин эң башкы парзыбыз болушу шарт!

Ушуга байланыштуу биз быйыл мамлекеттин тарыхындагы маанилүү окуянын – Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгиледик. Бул мааракенин алкагында биз өлкө боюнча социалдык-экономикалык багыттагы жүздөгөн жаңы ишканаларды ачып жатабыз. Бул иш-аракеттер биздин мындан аркы экономикалык өсүшкө жана өсүп-өнүгүүгө, көз карандысыздыгыбызды бекемдөөгө болгон ишенимдүү кадамыбызды билдирет.

Мындан сырткары “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар: Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев жөнүндө” Жарлыкка кол койдум. Бул соңку 100 жылдыкта эле мамлекеттүүлүгүбүздүн түптөлүшү оңойго турбаганын, кандай гана оор жолдорду басып өткөндүгүн, ал үчүн канчалаган ата-бабаларыбыздын кырчындай өмүрү кыйылганын ар бир кыргыз жараны билсин деген изги тилек.

Урматтуу мекендештер!

Биз ошол аталарды ар дайым эскерүү менен кыргыздын даңазалуу тарыхы келечекке шам чырак болуп жол көрсөтөрүн, жаркын келечектин ачкычы болоорун жаштарыбыздын көкүрөгүнө кыттай уютуубуз кажет!

Ата-бабаларын тааныган сайын азыркы жаштарыбыз өздөрүнө болгон ишеними артып, келечекке карай бекем кадамдарды таштап, Кыргызстандын түбөлүк эркин, көз карандысыз жана бардык жактан өнүккөн өлкө болушуна билимин да, тажрыйбасын да, өмүрүн да арнашат.

Ата-бабалардын элеси бизге ар дайым күч-кубат, дем берсин!

Көп этностуу биримдигибиз Кыргызстан үчүн жаркын келечектин өзөгү болсун!”.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн