Теке 01, 2025
Убакыт: 09:01
USD
87.30
87.80
EUR
101.80
102.80
RUB
1.110
1.135

Президент: Ташиевдердин үй-бүлөсү мунай базасын сатып, Сузакта оорукана салышты

13.05.2025 12:54
361
Президент: Ташиевдердин үй-бүлөсү мунай базасын сатып, Сузакта оорукана салышты


Президент Садыр Жапаров Ташиевдердин үй-бүлөсү мунай базасын сатып, акчасына Сузакта Эне жана баланы коргоо борборун салып бергенин айтты.


Мамлекет башчы кечээ эки күндүк иш сапары менен Жалал-Абадга барып, анын жүрүшүндө медициналык борбордун ачылышына катышкан. Аталган оорукана 570 миллион сомго курулганы айтылды.


Президент Кыргызстандан тапканын чет жакка ташып чыгып, завод-фабрика, бизнес ачып, өлкөгө келе албай жаткан ишкерлер бар экенин белгилеген. 


"Ошолордой болбостон Ташиевдердин үй-бүлөсү мунай базасын сатып, акчасына төрөт үйүн салып, мамлекетке өткөрүп берүүдө. Бул башкаларга үлгү болушу керек", — деди Жапаров.


Алийма Ташиева атындагы Эне жана баланы коргоо борборунун курулушу 2023-жылы башталган. 75 орундуу төрөт бөлүмү, 75 орундуу балдар ооруканасы үч гектар жерге курулган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн