Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:10
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Президент: Токмок жана Кара-Балта шаарларына 1 млрд сомдон бөлүнөт

16.12.2023 17:09
284
Президент: Токмок жана Кара-Балта шаарларына 1 млрд сомдон бөлүнөт


Бишкекте Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында мамлекеттик масштабдагы экинчи Элдик курултай ишин улантууда.

Курултайдын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров курултайдын делегаттары тарабынан келип түшкөн суроолорго жооп берүүдө.

Өлкө башчысы белгилегендей, келерки жылы Токмок жана Кара-Балта шаарларын өнүктүрүүгө 1 млрд сомдон каражат бөлүнөт.

Анын айтымында, ушул тапта Каракол шаары көз алдыбызда өзгөрүп жатат.

“Мунун баары туристтерди тартуу үчүн жасалууда. Ошол сыяктуу эле Токмок, Кара-Балта шаарларына да көңүл бурабыз. Ал жактагы инфраструктураны жакшыртууга каражат бөлүп жатабыз”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн