Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бир катар кызматтык адамдарга дисциплинардык жаза чараларын колдонду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Мамлекет башчысынын тескемесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 146-статьясына ылайык жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн:
– берилген тапшырмаларды аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Осоев Эркинбек Арстанбековичке сөгүш берилди;
– “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруудагы кемчиликтери үчүн төмөнкүлөргө эскертүү берилди:
Сулайманов Алтынбек Турдубаевичке – Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Жумагазиев Канат Сагыновичке – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги;
Термеев Руслан Качкынбаевичке – Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл региондук башкармалыгынын начальниги.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн