Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 14:09
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Президент: Туристтик сезон башталды, ар бир туристке меймандостугубузду көрсөтөлү

12.06.2022 17:17
399
Президент: Туристтик сезон башталды, ар бир туристке меймандостугубузду көрсөтөлү

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды туристтерге меймандостук жана жогорку маданиятты көрсөтүүгө чакырды.


«Урматтуу кыргызстандыктар!


Туристтик сезон башталды. Күн өткөн сайын өлкөбүзгө, Ысык-Көлүбүз болобу, борбор калаабызгабы же башка аймагыбызгабы, айтор, Кыргызстанга туристтердин агымы көбөйөт. Ар кыл божомолдор боюнча да быйыл туристтердин агымы өзгөчө жогору болору күтүлүүдө. Туризм мамлекеттик казынаны толтуруунун олуттуу бир булагы боло алат. Бул мамлекетке эле эмес, туристтерге кызматын көрсөтүп ар кыл тармакта эмгектенген миңдеген мекендештерибиз үчүн да каржылык пайда алып келери айтпаса да түшүнүктүү. Андыктан сиздерден чоң өтүнүч – өлкөгө келген ар бир туристке, ар бир чет элдик жаранга меймандостугубузду, жогорку маданиятыбызды көрсөтөлү. Алардын ар бири өз өлкөсүнө кайтканда Кыргызстанды жакшы жагынан таанытабы-жокпу сиздердин аларга карата мамилеңиздерден көз каранды.


Жакшы таасир алып кетишсе кийинки жылдары дагы сөзсүз келишет», - деди президент.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн