Бугу 14, 2024
Убакыт: 11:49
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Президент Түркмөнстанга иш сапары менен жөнөп кетти. Делегация курамында кимдер бар?

27.06.2021 11:59
913
Президент Түркмөнстанга иш сапары менен жөнөп кетти. Делегация курамында кимдер бар?

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-июнда, Ашхабад шаарына (Түркмөнстан) эки күндүк расмий иш сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


Иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.


Эки жана көп тараптуу кызматташуунун приоритеттүү багыттарын, ошондой эле региондук жана эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара байланышуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо мерчемделген.


Мамлекет башчысы ошондой эле кыргыз-түркмөн экономикалык форумуна катышат жана Түркмөнстандын экспорттук товарларынын көргөзмөсү менен таанышат.


Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров туңгуч Президент Сапармурат Ниязовдун күмбөзүнө жана «Turkmenbashynin Ruhy Metjidi» мечитине барат. Ошону менен бирге Түркмөнстандын Эгемендүүлүк монументине гүлчамбар коёт.


Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:


- тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;


- Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров;


- Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;


- Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Талант Султанов;


- транспорт жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;


- өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;


- маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;


- энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Таалайбек Ибраев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн