Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 05:48
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Президент туудагы түндүк эмне үчүн үч эмес, төрт чамгарактуу болгонун түшүндүрдү (видео)

16.12.2023 19:13
849
Президент туудагы түндүк эмне үчүн үч эмес, төрт чамгарактуу болгонун түшүндүрдү (видео)


Бүгүн, 16- декабрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда II Элдик курултай өзүнүн ишин улантты. Келген делегаттардын бир бөлүгү Жогорку Кеңештин төрагасы демилгелеген туунун өзгөрүшүнө каршы чыкты. Президент эмне үчүн бул демилгени колдоп жатканын жалпы курултайдын катышуучуларына түшүндүрдү.


"Улуу муун күндүн нурлары эмес, күнкарама болуп калганын билишет. Муну жаштар түшүнбөй жатышат. Түндүк дагы туура эмес болуп калган. Үчтөн чамгарагы турат, а негизи 4,6,8… болуп кетиши керек. Себеби, үчтөн чамгарак жамандыкка шашылыш тигилген чакан боз үйдүкү. Азыр деле кишини акыркы сапарга узатканда ошондой боз үй тигилүүдө. Ал эми кыргыздар жакшлыкка чоң боз үйлөрдү тигишкен. Байманаптар, чоң боз үйлөрдө жашашкан. Ушудан келип чыгып, учурдагы туунун варианты иштелип чыкты", - деди президент Садыр Жапаров.


Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш тууну өзгөртүүнү биринчи окууда кабыл алган.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн