Бугу 19, 2024
Убакыт: 10:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Президент: Украинадагы кырдаал дүйнөгө терс таасирин тийгизип жатат, конфликтти токтотууга биздин таасирибиз жетишсиз

09.03.2022 17:56
694
Президент: Украинадагы кырдаал дүйнөгө терс таасирин тийгизип жатат,  конфликтти токтотууга биздин таасирибиз жетишсиз

Украинадагы кырдаал дүйнөгө терс таасирин тийгизип жатат, конфликтти токтотконго биздин таасирибиз жетишсиз. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынына келген учурда билдирди.


Президенттин айтымында,  Кыргызстан мындай учурда нейтралдуу позицияны карманат.


"Украина менен Россиянын ортосунда болуп жаткан окуялар дүйнөгө терс таасирин тийгизди. Абал өтө курч жана акыркы кезде андан да курчуп бара жатат. Биз кичинекей өлкөбүз. Эки өлкөнүн ортосундагы конфликтти токтотууга чамабыз жетпейт. Андыктан нейтралдуу позицияны карманууга милдеттүүбүз.


Өлкөбүздө кымбатчылык күч алып, азык-түлүк жана күйүүчү майдын баасы өсүп, доллардын курсу көтөрүлүп жатат. Мындай учурда бизге биримдик жана ынтымак керек",- деди президент.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Расул
Долларды колдонбой эле койсок