Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 22:51
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Президент Улуу Британияга иш сапары менен кетти. Делегациянын курамында кимдер бар?

31.10.2021 13:41
562
Президент Улуу Британияга иш сапары менен кетти. Делегациянын курамында кимдер бар?

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-октябрда, иш сапары менен Улуу Британия Каролдугу жана Түндүк Ирландиянын Глазго шаарына учуп кетти.


Мамлекет башчысы иш сапарынын алкагында БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясына катышып жана дүйнө лидерлеринин Саммитинде кайрылуу жасайт.


Мындан тышкары, Саммиттин аянтчасында чет өлкөлүк кесиптештери, эл аралык климаттык уюмдардын жана көп тараптуу өнүктүрүү банктардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрөт.


Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:


— Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;


— Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов;


— Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн