Тогуздун айы 12, 2025
Убакыт: 22:43
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.070
1.095

Президент Венгрияга иш сапары менен жөнөп кетти (делегация курамы)

12.02.2023 17:41
404
Президент Венгрияга иш сапары менен жөнөп кетти (делегация курамы)

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-февралда расмий сапар менен Будапештке жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмү билдирди 


Расмий сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр, кыргыз-венгер бизнес форуму жана башка иш-чаралардын өткөрүлүшү күтүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:

 - Мамлекет башчысынын жубайы Айгүл Жапарова;

- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

- Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

- Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Талантбек Кушчубеков;

- билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов;

- санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов;

- экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;

- юстиция министри Аяз Баетов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн