Президент Садыр Жапаров Россиянын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат саясат бөлүмү билдирди.
Өлкө лидерлери кыргыз-орус кызматташтыгынын учурда күн тартибинде турган актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Садыр Жапаров менен Владимир Путин ошондой эле эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелери, анын ичинде Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча пикир алышты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн