Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 16:46
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Президент ЖК депутаттарын улут аралык ынтымакка доо кетирбөө боюнча эскертти

22.06.2021 18:36
1040
Президент ЖК депутаттарын улут аралык ынтымакка доо кетирбөө боюнча эскертти

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын улут аралык ынтымакка доо кетирбөөнү эскертти. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.


Ага ылайык, "Кыргызстандагы дунгандардын этникалык коомчулугу ассоциациясы" Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкуловдун билдирүүсүнө байланыштуу президентке кайрылган. Буга чейин Райымкулов парламенттин тармактык комитетинин жыйынында жер-жемиштин баасынын көтөрүлүшү, кургакчылыкка байланыштуу дунган тектүү жарандарды сындаган.


"Садыр Жапаров баардык жарандарды, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттарын улут аралык ынтымакка доо кетирчү билдирүүлөрдөн, сөздөрдү айтуудан карманууга чакырат жана эскертет. Улут аралык биримдикке байланыштуу кандай гана билдирүү болбосун, ал өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга таасир этиши мүмкүн", -деди Султанбаев.


Булак: "Азаттык" үналгысы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн