Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:41
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Президент Жапаров чек арадагы кагылышта каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

30.04.2021 11:02
1123
Президент Жапаров чек арадагы кагылышта каза болгондордун жакындарына көңүл айтты


Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров мамлекеттик чек аранын Баткен облусундагы кыргыз-тажик тилкесиндеги окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун жакындарына, үй-бүлөлөрүнө жана туугандарына көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Азыр жалпы өлкө Баткен облусундагы чек арадагы акыркы окуяларда жакындарын жоготкон кыргызстандыктар менен бирге аза күтүүдө. Жаракат алган жарандардын тез сакайып кетишин каалайм. Мамлекет бардык жабыр тарткандарга ар тараптуу колдоо көрсөтөт», — деп баса белгиледи президент Садыр Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн