Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 06:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Президент Жапаровдун атынан КРнын китепканаларына китептердин биринчи партиясы тапшырылды

29.12.2021 17:10
754
Президент Жапаровдун атынан КРнын китепканаларына китептердин биринчи партиясы тапшырылды


Бүгүн, 29-декабрда Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жшатр саясаты министри Азамат Жаманкуловдун катышуусу менен өлкөдөгү китепканаларга Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун резервдик фондусунан 5 млн. сомго китептер тапшырылды.


Иш- чаранын  жүрүшүндө калкты  руханий жактан азыктандырууда, жаран катары калыптануусунда китептин ролу чоң экендиги  белгиленип, акыркы кезде коомчулук тарабынан көп окулуп жаткан китептер өлкөдөгү китепканаларга таркатылып жаткандыгы айтылды. Ошодой эле, учурда Маданият министрлигинин курамында жаштар саясаты багыты бар экендиги айтылып,  аймактагы китепканалардын фондусу толукталып   жатканын кубануу менен белгилешти.  Мындан сырткары, мындай демилге салт катары уланып, коомдо керек, эл кабыл алып жаткан, тарбиялык мааниси бар китептер менен толуктоо улана турганы айтылды. 


Иш- чарага бир катар китепкана жетекичлери катышып, казынасы азайып, эскирген китептердин катарын  эми жаңы китептер толукталып жатканын айтышып,  ыраазычылктарын билдиришти.


Эске салсак, аймактарга тапшырылып жаткан китептердин арасында “Манас” үчилтиги, Шайлообек Дүйшеевдин “Агындылар 1,2,3” китеби, К. Тыныстанов "Чагылгандын коз жашы”,  И. Калашниковдун “Кар заман”,  сындуу бир катар китептер бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн