Чын курандын 21, 2025
Убакыт: 06:50
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Президент: Жыл сайын 5-6 миллион көчөт отургузуу пландалууда

13.03.2022 12:59
1119
Президент: Жыл сайын 5-6 миллион көчөт отургузуу пландалууда

Президент Садыр Жапаров Facebook`тагы расмий баракчасына “Жашыл Мурас” улуттук программасы тууралуу билдирүү калтырды.


“Жалпы Кыргызстан боюнча Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылынын жана Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү башталды. Бул өнөктүк салттуу болуп, жыл сайын өлкөнүн бардык аймактарында 5-6 млн көчөт отургузуу пландалууда”, - деп жазган президент.


Эскерте кетсек, кечээ, 12-мартта Садыр Жапаров Кыргызстандагы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш багынын аймагында ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузуп "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүн баштаган.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн