Бугу 14, 2024
Убакыт: 17:47
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Президент Жоламан Шаршенбековду күмүш медалы менен куттуктады

10.10.2021 15:46
555
Президент Жоламан Шаршенбековду күмүш медалы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров спортчу Жоламан Шаршенбековду грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын күмүш медалына ээ болушу менен куттуктады. Мамлекет башчысы куттуктоо сөзүн өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган.


"Жоламан баатыр! Дүйнө чемпионатындагы күмүш байге алышың менен! Билгенге алтынга тете жеңиш болду. Балбаныбыз Жоламан Шаршенбеков финалда татыктуу, бүйүр кызыткан кармаш көрсөттү. Бул чемпионатка катышып байгелүү орундарды ээлеген бардык спортчуларыбызды, аларды килемге даярдап алып чыккан машыктыруучуларды дагы бир жолу куттуктайм! Спортчуларыбыз багындырчу ийгиликтер алдыда! Өз кезегинде мамлекет ата-мекендик спортко ар таратуу колдоо көрсөтүүнү уланта бермекчи", - деп жазган президент Жапаров.


Эскерте кетсек, Осло шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, Айпери Медет кызы (кыз-келиндер арасында) коло, Эрназар Акматалиев күмүш, ал эми Алибек Осмонов (эркин күрөш) коло жана Жоламан Шаршенбеков күмүш медаль багындырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн