Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:25
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Президент абалды анализдөө жана прогноздоонун жоктугу үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигин сындады

06.07.2020 15:16
1435
Президент абалды анализдөө жана прогноздоонун жоктугу үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигин сындады

 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июлда мамлекеттик органдардын жетекчилери, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери жана райондордун акимдеринин катышуусунда чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдөгү мындан аркы артыкчылыктуу милдеттерди талкуулады.

 

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйын видеоконференция форматында өттү.


Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө жүзү татаал кырдаалды баштан өткөрүп жаткандыгын жана ар бир өлкө бул илдет менен өзүнүн каржы жана саламаттыкты сактоо системасынын мүмкүнчүлүктөрүнө жараша күрөшүп жаткандыгын белгиледи.


Ошону менен бирге мамлекет башчысы өкмөттү жана Саламаттыкты сактоо министрлигин кийинки абалды анализдөө жана прогноздоонун жоктугунан улам сынга алды.


Президент калктын керектөөсүн так аныктоо үчүн бул багыттагы иштерди күчөтүү зарылдыгын бегиледи.


Акыркы күндөрү жарандарга алгачкы медициналык жардамдын, профилактикалык иш-чаралардын жоктугунан улам калк арасында паникага жол берилгендиги үчүн Өкмөттү сындады. «Силер кадрлардын резервин толуктоо боюнча алдын ала иш алып барган жоксуңар жана кризис башталган кийин гана адистерди мобилизациялай баштадыңар», — деп белгиледи мамлекет башчысы.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн