Аяк оона 16, 2025
Убакыт: 16:27
USD
87.30
87.80
EUR
102.30
103.30
RUB
1.045
1.080

Президент өзгөчө абалды 30-апрелге чейин узартуу жарлыгына кол койду

14.04.2020 13:15
1293
Президент өзгөчө абалды 30-апрелге чейин узартуу жарлыгына кол койду


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-апрелде, «Кыргыз Республикасынын президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын, Ош шаарынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылды

Аталган Жарлык кол коюлгандан тарта күчүнө кирет жана Жогорку Кеңешке бекитүү үчүн жиберилет.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Исаев Абдижалил
Калган аймактаргачы баткен обл карантинби же буттубу