Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 11:53
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Президент бир катар аскер кызматкерлерин сыйлады

21.06.2021 14:54
1201
Президент бир катар аскер кызматкерлерин сыйлады

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-июнда, аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда көрсөткөн эрдиги менен каармандыгы үчүн бир катар аскер кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


Мамлекет башчысы өз сөзүндө эл-жерге кызмат кылуу — кандайдыр-бир сыйлыкка умтулуу эмес, өз өмүрүн, топтогон тажрыйбасын, болгон билимин Мекенге арнап, өлкөнүн өнүгүүсүнө салымын кошуу дегенди билдирерин баса белгиледи.


Садыр Жапаров Айкөл Манас баштаган ата-бабаларыбыздан берки баатырлардын тизмесинин аягы бүтпөстүгүн, бүгүнкү Ата Мекенди коргоочулар өлкө үчүн жан аябай кызмат кылууга даяр экенин айтты.


Мамлекет башчысы ар бир жаранды бир максатты көздөп, биргеликте иш алып барууга чакырып, кыргызстандыктар учурдагы бардык кыйынчылыктарды ынтымак менен гана жеңип чыга алаарын белгиледи.


«Кынтыксыз кызматыңар, кызматтык жана аскердик милдеттерди өтөөдөгү өлчөөсүз эрдигиңер келечек муунга үлгү болсун!», — деп жыйынтыктады президент Садыр Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн