Баш оона 22, 2025
Убакыт: 11:45
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.080
1.110

Президент бүгүн эң көп упай топтогон окуучуларды сыйлайт

01.07.2021 09:03
611
Президент бүгүн эң көп упай топтогон окуучуларды сыйлайт


 Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда, Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча эң жогорку упай топтогон орто мектептер менен лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө «Алтын сертификаттарды» тапшырат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.


Иш-чара коронавирус инфекциянын жайылышына байланыштуу учурдагы кырдаалды эске алып, зарыл санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен уюштурулду, бардык катышуучулар алдын ала ПЧР тест тапшырышты.


Иш-чара Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын, өлкөнүн республикалык жана облустук телеканалдарынын социалдык тармактардагы баракчаларынын түз эфиринде көрсөтүлөт.


Башталышы — саат 10:00.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн