Бугу 19, 2024
Убакыт: 20:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Президент чек арада курман болгон Бекзод Юлдашевдин үй-бүлөсүнө батир берди

15.07.2021 15:01
988
Президент чек арада курман болгон Бекзод Юлдашевдин үй-бүлөсүнө батир берди

Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда көз жумган чек ара кызматкери Бекзод Юлдашевдин үй-бүлөсүнө батир белек кылды. Бул маалыматта президенттин администрациясынан тастыкташты.


Буга чейин коомдук ишмер Ассоль Молдокматова соцтармакта өлкө башчы Бекзод Юлдашевдин жубайы - Гүлкага батирдин ачкычын тапшырганын жазган.


Бекзод Юлдашев 28-29-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал учурунда курман болгон.


Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайына Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.


Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 190 кыргызстандык жабыркап, 36 адам набыт болгон.


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен аймагында жалпы 136 турак үй жана 84 объект күйгөн жана жабыркаган.


1-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 4 пункттан турган протокол кабыл алынганын айткан. Ошол эле күнү Тажикстанда барымтада турган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун кайтарылган.


Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тажик тараптын аракетин аскердик агрессия катары баалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн