Бугу 22, 2025
Убакыт: 18:25
USD
87.30
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.095
1.125

Президент чет өлкөдөгү дипломаттарга кызматтык батирлер сатып алынарын билдирди

22.05.2025 13:38
25
Президент чет өлкөдөгү дипломаттарга кызматтык батирлер сатып алынарын билдирди


Чет өлкөдөгү дипломаттарга кызматтык батирлер сатып алынат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Венгриядагы Кыргызстандын элчилигин көрүп жатып билдирди.


Анын айтымында, буга чейин элчилик имараттарды ижарага алуу үчүн жыл сайын ири суммадагы каражат сарптап келген.


"10 жылда өзүн-өзү актайт экен, бирок түбөлүк мамлекеттин менчиги болуп калат. Ошондуктан бул имаратты да (элчилик имаратын) былтыр сатып бердик. Эми силерге батирлерди сатып беришибиз керек. Аларга да ижара төлөбөй, коммуналдык кызматтарын гана төлөп жашагыдай болушу керек. Беш-он жылда алар деле өзүн-өзү актайт. Анан мамлекеттин менчигине өтөт", — деди Жапаров.


Эске салсак, Садыр Жапаров 20-21-майда иш сапары менен Будапештке барган. Анын алкагында ТМУнун мамлекет башчыларынын бейформал саммитине катышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн