Бугу 19, 2024
Убакыт: 13:32
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Президент депутаттарга Кумтөр боюнча чечимди колдогону үчүн ыраазычылык билдирди

09.03.2022 18:49
562
Президент депутаттарга Кумтөр боюнча чечимди колдогону үчүн ыраазычылык билдирди

Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында президент Садыр Жапаров кайрылуу жасады.


Президенттин айтымында, Министрлер кабинети азыркы учурда антикризистик программа үстүндө иштеп жатат.


"Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү кырдаалга байланыштуу Министрлер кабинети антикризистик программа иштеп жатат. Аны дагы сиздердин кароонуздарга алып келебиз. Сиздердин дагы ага кошумчалай турган сунушуңуздар болот.


Бүгүн Кумтөр боюнча келишимди колдоп бергениңиздерге да ыраазычылык билдирем",- деди президент.


Эске салсак, президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов "Центерра" менен мамилени өз алдынча жөнгө салуу максатында келишим түзүлгөнүн билдирген. Келишим президент Садыр Жапаровдун катышуусунда жабык эшик артында каралды.



Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
КЫРГЫЗ КЫЗЫ
Кандай келишимге кол коюлганын эл билбеш керекби? Кумтөрдүн атын жамынып бийлике келдиңер. Жең ичинде келишим түзүп, элге жарыя кылбай купуя калтырып, көшөгө артында көйнөк кийип жоолук салынып, Таластан качкандай кылбай, ачыктагыла!