Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 01:50
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Президент добуш берди. Арменияда парламенттик шайлоо башталды

20.06.2021 12:41
684
Президент добуш берди. Арменияда парламенттик шайлоо башталды


Армениянын президенти Армен Саркисян жекшемби күнү башталган кезексиз парламенттик шайлоодо добуш берди, деп маалымдайт РИА Новости.


Агенттиктин маалыматына ылайык, Армениянын лидери Еревандын борборундагы шайлоо участкаларынын биринде жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:30да добуш берди. Ал шайлоо участогу учурда кадимки режимде иштеп жатат, эч кандай мыйзам бузуу каттала элек.


БШКнын башчысы Тигран Мукучян ушул саатка чейин бардык шайлоо комиссиялары өз ишин баштады деп билдирди.


"Жалпысынан шайлоо комиссияларынын курамына 16064 адам кирген, алардын 119у добуш берүүгө келген жок. Комиссиялардын бардык төрагалары катышып жатышат", - деди ал.


БШКнын башчысынын айтымында, өлкөдө 20 008 шайлоо комиссиясы түзүлүп, сегиз уюмдан 483 эл аралык байкоочу жана 9000ге жакын жергиликтүү байкоочулар шайлоого көз салышууда. 1 500 шайлоо участкаларына видео камералар орнотулду. Мукучян шайлоону 68 жергиликтүү жана 49 чет элдик маалымат каражаттары чагылдырып жатканын белгиледи.


Маалымат үчүн: Арменияда жекшемби күнү эртең менен эрте парламенттик шайлоо башталды. 2 583 823 адам шайлоочулардын тизмесине киргизилген.


Парламенттик шайлоого 21 партия жана төрт блок - "Армения", "Честь имею", "Эркин Мекен" жана "Ширинян-Бабажанян Блок Демократтары" катышат.


Буга чейин Пашиняндын партиясын шайлоодон четтетүү сунушталган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн