Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:47
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Президент, экс-президенттер Апрель революциясында курман болгондорду эскерди (фото)

07.04.2022 11:53
406
Президент, экс-президенттер Апрель революциясында курман болгондорду эскерди (фото)

Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-апрелде «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде Апрель революциясында курман болгон баатырлардын элесин эскерди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.


Мамлекет башчысы 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына гүл коюп, куран окулду.


Андан соң чыгаан жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитинде куран окулду.


Иш-чарага ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов, Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Жогорку Соттун Төрагасы Замирбек Базарбеков, Конституциялык Соттун Төрагасы Эмил Өскөнбаев, экс-Президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков, ошондой эле Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана КР Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү катышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн