Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 02:35
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Президент элдик курултай жөнүндө жарлыкка кол койду

30.08.2023 09:39
447
Президент элдик курултай жөнүндө жарлыкка кол койду


Президент Садыр Жапаров "Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти.

Элдик бийликтин негиздерин андан ары чыңдоо, Кыргыз Республикасында ынтымакты бекемдөө, жарандык коомду консолидациялоо, улуттук аң-сезимди өнүктүрүү, аймактык көйгөйлөрдү чечүү, ошондой эле өлкөнү туруктуу өнүктүрүү максатында, “Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесине, 15-беренесинин 2-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

Бишкек шаарында Элдик Курултайды өткөрүү 2023-жылдын 15-декабрына дайындалсын.

Төмөнкүлөр бекитилсин:
1).Элдик Курултайдын 700 (жети жүз) делегатынын квоталарга бөлүнүшү 1-тиркемеге ылайык;
2).Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө убактылуу жобо 2-тиркемеге ылайык;
3).Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин курамы
3-тиркемеге ылайык.
Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитети:
1).“Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык делегаттарды шайлоону координациялоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзсүн;
2) Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө убактылуу жободон келип чыгуучу чечимдерди кабыл алсын, ошондой эле Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча башка зарыл болгон чараларды көрсүн;
3) Элдик Курултайды өткөрүү боюнча регламенттин долбоорун иштеп чыксын жана Элдик Курултайдын бекитүүсүнө киргизсин;
4) өзүнүн ишине мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн жана эксперттерди белгиленген тартипте тартсын.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен биргеликте ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону өткөрүүнү уюштуруу Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине, ошондой эле “Кыргызстан элинин Ассамблеясы” Ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесине (макулдашуу боюнча) тапшырылсын.

6.Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жер-жерлерде делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо боюнча чараларды көрсүн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн