Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 22:05
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Президент электр энергиясына болгон кризис качан аяктарын айтты

21.10.2021 11:00
938
Президент электр энергиясына болгон кризис качан аяктарын айтты

2024-жылы электр энергия кризисинен чыгабыз. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн республикалык жыйынында билдирди.


"Азыр электр энергиясын Түркмөнстандан алып жатабыз. Казакстан, Өзбекстан мурдагы келишимдердин негизинде электр энергиясын берип жатышат. Биз электр энергиясын кошуна өлкөлөрдөн бүгүн эле импорттоп жаткан жокпуз. 2010-жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин электр энергиясын импорттоп жатабыз. Менин тапшырмам менен энергетика министри электр энергияны үнөмдөгүлө деп суранган. Күндүз жарыктар күйүп турат. Бул эмнени билдирет. Бул бизге электр энергия арзан болгон үчүн. Ушуга байланыштуу жергиликтүү бийлик электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу ишин жүргүзүшү керек. 2024-жылы электр энергия кризисинен чыгабыз", - деди Жапаров.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн