Президент планшет колдонот деп мени сындагандар менден 15 жылга кеч калды. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров маалымат жыйынында билдирди.
"Мен 12 жылдан бери планшет колдонуп келем. Мени сындап жаткандар да жок эмес. Бул биринчиден абдан ыңгайлуу, протоколдорду оңдоп кетүүгө да болот.
10 тонна кагазга бата турган маалымат бир планшетке батат. Ошондуктан мени сындагандар менден 15 жылга кеч калды. Мени сындагандан көрө, планшетке өтүңүздөр",- деди президент.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн