Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 13:35
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Президент эртең футбол боюнча "Мурас" турнирине катышат

03.05.2022 14:25
926
Президент эртең футбол боюнча "Мурас" турнирине катышат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Мурас» футбол боюнча достук мелдешине катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


Спорттук иш-чарага 12 команда катышат. Чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча алар төрт топко бөлүнөт:


• А тайпасы: Президенттин Администрациясы, «Ден соолук», Жогорку Кеңеш;

• В тайпасы: «Өнөр», «Билим», «Ыйман»;

•С тайпасы: «Бизнес», «Элчилер», «Спорттук федерациялар»;

•D тайпасы: «Алга», «Аймактар», «Журналисттер».


4-майда тайпалык жана чейрек финалдык оюндар, 5-майда жарым финал, үчүнчү орун үчүн беттеш жана финалдык мелдеш болот.


Турнир Кыргызстандын футбол союзунун жана Президенттин Администрациясынын демилгеси менен уюштурулган.


Оюндарды Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жана «КТРК Спорт» телеканалы түз алып көрсөтөт.


Түз берүү убактысы: 

- 4-май саат 10.00;

- 5-май саат 12.00.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн