Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 10:29
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Президент эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоону күчөтүүнү тапшырды

25.07.2023 16:56
313
Президент эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоону күчөтүүнү тапшырды


Президент Садыр Жапаров эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоону күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

"Президент Жапаров Ички иштер министрлигине, Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоо боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүүнү, анын ичинде суу транспортунун ишмердигин тартипке салууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды", - деп жазган өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Султанбаев.

Эскерте кетсек, 23 июлда Чолпон-Ата шаарында баллон теплоходго урунуп, эки адам көз жумуп, бирөө жаракат алган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн