Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 10:57
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Президент эски автобустардын "полигонуна" пландан тышкары барып, аларды металлоломго чыгарууну тапшырды

01.04.2023 15:21
420
Президент эски автобустардын "полигонуна" пландан тышкары барып, аларды металлоломго чыгарууну тапшырды

Президент Жапаров бүгүн, 1-апрелде, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментин пландан тышкары текшерип барды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.


Анын айтымында, департаменттин аймагында көп жылдардан бери жараксыз абалга келген шаардык автобустар токтоп турат.


Маалым болгондой, Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен жакын арада шаардын муктаждыктары үчүн миң жаңы автобустан турган кошумча партия келери күтүлүүдө.


"Борбор калаада транспорт маселесинин акырындап чечилиши менен, бардык кичи автобустар шаардын четине чыгарылат.


Президент Жапаров борбор калаанын муниципалитетине жараксыз болгон бардык эски автобустарды тез арада металлоломго чыгарууну жана аймагын кеңейтип, жаңы автобустарга орундарды даярдоону тапшырды.


Ушул эле башкармалыктын аймагында техникалык тейлөө станциясын куруу боюнча иштерди тездетүү тапшырылды. Аны келишим боюнча жаңы алынып келинген автобустардын өндүрүүчүсү болгон кытайлык завод курат. 


Техникалык тейлөө станциясында бардык жаңы автобустар күнүмдүк оңдоодон тез өткөрүлүп, алардын техникалык абалы жакшы сакталып турат",- деди Султанбаев.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн