Бугу 03, 2024
Убакыт: 13:54
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Президент иш сапары менен Астана шаарына барды

08.06.2023 08:19
184
Президент иш сапары менен Астана шаарына барды

Президент  Эл аралык Астана форумуна катышуу үчүн Астана шаарына (Казакстан) иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.


Мамлекет башчынын борту Нурсултан Назарбаев эл аралык аэропортуна конду.


Президент Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министринин орун басары Алтай Кульгинов тосуп алды.


Сапардын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров "Диалог аркылуу кыйынчылыктарды жеңүү: кызматташтык, өнүгүү жана прогресс жолунда" темасындагы форумдун пленардык сессиясына катышат. Ошондой эле бул диалогдук аянтчанын алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландаштырылууда.


Форум Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин патронажы астында өтүп жатат, анда тышкы саясат жана эл аралык коопсуздук, эл аралык өнүгүү жана туруктуулук, энергетика жана климаттын өзгөрүшү жөнүндө сөз болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн