Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге өлкөнүн түштүгүндө 2010-жылдагы болгон кайгылуу июнь окуялары боюнча материалдарды изилдөөнү тапшырды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмү билдирди.
Белгилүү болгондой, анын натыйжасында жүздөгөн жарандар каза болуп, миңдеген адамдар жаракат алышты.
Жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чечимдер жөнүндө толук маалымат берүү, ошондой эле мыйзамдуулукту жана объективдүүлүктү сактоо менен тиешелүү чечимдерди кабыл алуу тапшырылды.
Пикирлер (4)