Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 12:43
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Президент кайрадан футбол талаасында ойнойт. 4-майда мамлекеттик кызматкерлердин футбол боюнча турнири өтөт

21.04.2022 15:19
503
Президент кайрадан футбол талаасында ойнойт. 4-майда мамлекеттик кызматкерлердин футбол боюнча турнири өтөт

Бишкекте 4-5-майда Кыргыз футбол бирикмеси жана президенттин администрациясы тарабынан уюштурулган “Мурас” футболдук турнири өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев соцтармакка билдирүү калтырды.


Ата-мекендик футболдун 100 жылдыгына арналган декабрдагы турнирде президент Садыр Жапаров бул спорттук иш-чара салттуу түрдө жылына эки жолу (кыш-жай) өтүп турарын жарыялаган.


Бул ирет чемпиондук наам үчүн 12 команда күрөшөт:


- Жапаров башында турган – “Президенттин администрациясы” командасы;

- маданият ишмерлери – “Өнөр” командасы;

- бизнестин өкүлдөрү – “Бизнес” командасы;

- ЖМК өкүлдөрү – “Журналисттер” командасы;

- ата-мекендик футболдун ардагерлери – “Алга” командасы;

- спорттук федерациялардын жетекчилери – “Спорттук федерациялар” командасы;

- Парламенттин депутаттары – “Жогорку Кеңеш” командасы;

- Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери, район акимдери – “Аймактар” командасы;

- дин өкүлдөрү – “Ыйман” командасы;

- чет мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилери – “Элчилер” командасы;

- ооруканалардын жетекчилери жана башкы дарыгерлери – “Ден соолук” командасы;

- ЖОЖ ректорлору жана мектеп директорлору – “Билим” командасы.


Турнир КТРК, КТРК Спорт телеканалдарынын түз эфиринде көрсөтүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн