Италиянын президенти Сержо Маттарелла коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
80 жашка чукулдап калган президент өз кезеги келгенче кезекте турду. Ал улгайгандар үчүн "Moderna" компаниясынын вакцинасын сайдырды.
Италиянын айрым жарандары президент эмдөөдөн өтсө вакцина аларын билдирген болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн