Чын курандын 10, 2025
Убакыт: 18:41:11
USD
87.40
87.80
EUR
96.20
97.20
RUB
1.015
1.050

Президент кыргызстандыктарды Комуз күнү менен куттуктады

09.09.2020 12:42
994
Президент кыргызстандыктарды Комуз күнү менен куттуктады


Президент Сооронай Жээнбеков кыргызстандыктарды Комуз күнү менен куттуктады.Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу мекендештерим!

Улуттук маданиятыбыздын сыймыгы, элдик өнөрүбүздүн өзгөчө символу — комуздун күнү менен куттуктайм!

Биздин элибиз үчүн комуз — жөн гана салттуу музыкалык аспап эмес, маданиятыбыздын туу чокусу „Манас“ эпосу менен катар, бабалардын даңктуу жолун урпактарга күү аркылуу жеткирип турган мурас.

Канча жылдар өттү, канча доорлор өттү. Ошол улуу жолубуздун баяны комуз кайрыктарында калып, муундан муунга өтүп, жан дүйнөбүздү ойготуп, улуттук ар намысыбызды шыктандырып келе жатат.

Рух табериги болгон комуздан керемет чыгармалар жаралып, ал күүлөр философиялык тереңдиги, музыкалык көп түрдүүлүгү менен эл аралык аренада таанылып келет.

Эки жылдан бери белгиленип жаткан Комуз күнү жыл сайын салттуу өткөрүлүп, жакшы жөрөлгөгө айланып, республикабыздын маданий турмушунда мындан ары да өзүнүн татыктуу ордун таба берет.

Кылым карыткан кыргыз комузунун добушу таңшый берсин!»

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн