Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:33
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Президент кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

31.07.2020 09:36
1023
Президент кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады


Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу мекендештерим!

Кадырлуу момун мусулмандар!

Баарыңыздарды ыйык Курман Айт майрамы менен куттуктайм. Бүгүн Жараткан Кудайдын мээримине шүгүр келтирип, тирүүлүктү барктап, ыйманыбызды тереңдетип, ишенимибизди бекемдей турган күн. Быйыл Курман Айт майрамын жалпы адамзатты каптаган пандемиянын шартына жараша белгилеп жатабыз.

Ушул улуу күнү журтубуз илдеттен тезирээк кутулуп, өлкөбүз өнүксүн, мамлекетибиз күчтүү болсун деп тилейм.

Ар бир мекендешиме чың ден соолук, узун өмүр, бардык үй-бүлөгө бакыт–таалай каалайм. Бүгүн чалган курмандыгыңыздарды Жараткан кабыл кылсын, кайрымдуулук иштериңиздерге арбын сооп берсин.

Баардыгыбызды жакшылык жылоолоп, ийгилик коштоп жүрсүн. Ар дайым элибизде аманчылык, жергебизде тынчык болсун.

Сүйүктүү Кыргызстаныбызды Кудайым Өзү колдосун!»

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн