Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Борду дарыясынын бассейнинде, Ак-Шыйрак тоо кыркасынын түндүк-батыш капталында жайгашкан № 354 аты жок мөңгүгө “Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян” географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндө” мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2023-жылдын 5-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Аталган мыйзамда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Борду дарыясынын бассейнинде, Ак-Шыйрак тоо кыркасынын түндүк-батыш капталында жайгашкан № 354 аты жок мөңгүгө “Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян” географиялык аталышын ыйгаруу каралган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн