Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 19:54
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Президент кол койду. Кара-Буура району Айтматов болуп өзгөрдү

19.04.2023 13:41
317
Президент кол койду. Кара-Буура району Айтматов болуп өзгөрдү



Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын, Ош жана Талас облустарынын айрым айылдарын жана Талас облусунун Кара-Буура районун кайра атоо жөнүндө» Мыйзамга кол койду.


Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 22-февралында кабыл алынган.


Мыйзамга ылайык Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагы Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагы деп кайра аталды.


Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Борбаш айылы Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Кайрагач айылы деп кайра аталды.


Талас облусунун Кара-Буура району Талас облусунун Айтматов району деп кайра аталды.


Талас облусунун Кара-Буура районунун Чолпонбай айыл аймагынын Чымгент айылы Талас облусунун Айтматов районунун Чолпонбай айыл аймагынын Чолпонбай айылы деп айтыла баштайт.


Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн