Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 12:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Президент кол койду. Мындан ары бейөкмөт уюмдар каржы булагы боюнча отчет берет

08.07.2021 12:56
812
Президент кол койду. Мындан ары бейөкмөт уюмдар каржы булагы боюнча отчет берет


Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө”, “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


Мыйзамда, коммерциялык эмес уюмдардын салык органына жыл сайын каражаттардын булактарын, алардын кайсыл багыттарга сарпталганы тууралуу, ошондой эле сатып алынган, колдонулган жана ээликтен ажыратылгандыгы жөнүндө жалпыланган маалыматтарды жыл сайын берип туруу милдети каралган.


Бул мыйзамдын максаты акча жана материалдык каражаттарды акысыз негизде алган коммерциялык эмес уюмдардын (мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерден сырткары) иш-аракетинде ачык-айкындуулукту орнотуу болуп саналат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн