Бугу 07, 2024
Убакыт: 17:40
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Президент коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салды

28.09.2021 12:47
727
Президент коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салды

Президент Садыр Жапаров коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев маалымат жыйында билдирди.


«Бул мыйзам жүрөк-кан тамыр оорулары менен күрөшүүдө жардам берет», - деди ал. Ошондой эле ал жакында маалымат каражаттары мыйзам тууралуу маалыматтарды жарыялай турганын кошумчалады.


Жогорку Кеңештин депутаттары 29-июлдагы жыйында «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин, никотиндин жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун кесепеттеринен коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзам долбоорун жактырган.


Мыйзам долбоорунда коомдук жайларда тамеки тартууга, анын ичинде электрондук тамекиге, кальянга жана аралашмаларга тыюу салуу сунушталган. Ошондой эле кафе жана ресторандарда кальянга тыюу салынат.


Булак: Баракелде

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн