Бугу 05, 2024
Убакыт: 09:03
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Президент көп тармактуу клиникалык балдар ооруканасына "Улуттук" статусун берүүнү тапшырды

08.02.2022 21:42
823
Президент көп тармактуу клиникалык балдар ооруканасына "Улуттук" статусун берүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан көп тармактуу клиникалык балдар ооруканасы болуп өзгөртүлгөн мурунку Республикалык диагностикалык борборуна «Улуттук» макамын берүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.


Белгилей кетсек, бүгүн президент аталган ооруканага барып, имаратты көрүп, эмгек жамаат менен баарлашты. Мекемедеги кырдаал боюнча пикирлерди угуп, суроолорго жооп берди.


«Президент баарлашуу жүрүшүндө анын бүгүнкү сапарынын максаты диагностикалык борбордун ишмердүүлүгү менен таанышуу жана аны өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү экенин белгиледи. Жамааттын пикирин эске алуу менен мамлекет башчысы президенттин администрациясына мекеменин иштөө багытын сактоо менен «Улуттук» макамын берүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды», - деп айтылат билдирүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн