Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 20:39
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Президент коронавирустан ооруп айыкканына карабастан, ооруканада коргоочу костюм кийгени боюнча түшүндүрмө берилди

15.04.2021 17:12
702
Президент коронавирустан ооруп айыкканына карабастан,  ооруканада коргоочу костюм кийгени боюнча түшүндүрмө берилди

Бүгүн президент Садыр Жапаров  Республикалык клиналык жугуштуу оорулар ооруканасына барды. Социалдык тармактын колдонуучулары президент коронавирус менен ооруп айыккан болсо, эмне үчүн коргоочу костюм кийет деп талкуулаган. Буга байланыштуу жугуштуу оорулар ооруканасынын жетекчиси "Кактус.медиага" түшүндүрмө берген.


Анын айтымында, ооруканага кирген ар бир адам коргоочу костюм кийүүгө милдеттүү.

"Ооруканага кирген адам коронавирус менен мурда ооруган болсо да, болбосо да коргоочу кийим кийүүгө милдеттүү. Бул оорукананын шарты ушундай. Дүйнөнүн бардык мамлекеттеринде инфекциялык ооруканага коргоочу костюм менен киргизет. Биз деле коронавирус менен ооруп айыкканбыз. Эпидемиологиялык-санитардык норма ушундай"- деген оорукана жетекчиси.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн